Жаан түн бою көз ачырбай төгүп турду. Бирок, эртеси, 14 апрель күнү, күн чайыттай ачылды. Таза аба, ачылган тюльпандар, күндүн жылуу, сүйкүмдүү нуру шаарыбызга төгүлүп турду.
Бул күнү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Токмок шаарындагы академик Х. А. Рахматулин атындагы филиалында өзгөчө шаң, чоң салтанат: филиалдын уюшулганынан 25 жылдык юбилейине арналган «Инновациялык технология – инженердик чыгармачылыктын негизи» аттуу эл аралык илимий конференция өткөнү жатты.
Филиалга (мурдагы Токмок техникалык институт) кире бериште конференциянын катышуучуларына салам жолдошуп, гүл, шарлар менен кооздолуп баннер илинген.
Фойеде конференциянын катышуучуларын каттоо жүрүп жатты: Ыраакы чет мамлекеттерден (Германия, Украина, Казакстан) ошондой эле Ош, Бишкектен келгендер эле.
9.30 – конференция ачык деп жарыяланып, өз ишин башталды.
Конференциянын жүрүшүн алып баруучу – филиалдын директору, п.и.к., КМТУнун профессору Жылдыз Койчуманова.
Президиумда: И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору, ф.м.и.д., проф. Муратаалы Джаманбаев; Токмок шаарынын мэрии Жыргал Шамралиев; ф.м.и.д., проф. Сарбагыш Абдрахманов; ф.м.и.к., КМТУнун профессору Райымкул Джапаров.
Сөз И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору Муратаалы Джаманбаевге берилди.
– КМТУнун ректораты сизди, Жылдыз Мааметовна жана КМТУнун алдындагы академик Х. А. Рахматулин атындагы филиалдын жамаатын чын жүрөктөн 25 жылдык юбилейиңер менен куттуктайт.
1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун жалпы техникалык факультет катары ачылган Токмок техникалык институту кызык жана даңктуу жолду басып өттү.
Токмоктогу филиал – КМТУнун структуралык бөлүмдөрүнүн бири, актуалдуу профессиялар болгон электроэнергетика, программалоо, экономика, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча адистерди даярдоочу алдыңкы ЖОЖ. Аталган профессиялар кызыктуу, чыгармачылык жараткан, барктуу жана жакшы айлык акы төлөнө турчулар, биздин өлкөбүздө алар зарыл. Ошол үчүн Токмоктогу филиал заман талап кылган, экономиканын ар түрдүү тармагында коммерциялык жана мамлекеттик структураларда иштей ала турган адистерди даярдайт.
Филиалдын окутуучу-профессор курамына, кызматкерлерине жана студенттерине жаңы чыгармачылык жетишкендик, келечекте өсүштү каалайм – деди.
Сөз филиалдын директоруна берилди Жылдыз Мааметовна филиалдын 25 жылдык тарыхын камтып, Токмок шаарында биринчи мамлекеттик Жогорку окуу жайдын ачылышына чыйыр жол салган адамдардын салымын айтып, 1991 ж. Кыргыз Республикасы эгемендик алган жылы ачылганын баса белгиледи. Республикабыз кандай кыйынчылыктарды басып өтсө, филиал да өзүнүн 25 жылдык жолунда кандай кыйынчылык, өсүү, өнүгүүлөр жөнүндө кызыктуу эмоцияналдуу доклад жасады, презентация менен коштоду.
Кээ бир тарыхый сүрөттөрдү көрүп ошол убакка, XX кылымдын аягына барып, бүгүнкү күнгө Жылдыз Мааметовна менен кайып келгенсидик.
Сөз Токмок шаарынын мэри Жыргал Шамралиевге берилди.
И. Раззаков атындагы КМТУнун Токмок шаарындагы академик Х. А. Рахматулин атындагы филиалынын жамаатына шаарыбыздын интеллектуалдык потенциалынын түзүүдө, кадрларды даярдоо тармагын өркүндөтүүгө кошкон салымы, чыгармачылык изденүүсү, жогорку кесипкөйлүүгү үчүн жана түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракесинин урматына чоң ыразычылык билдирди.
Токмок ш. окуу жайлар, Достук үйү куттукташты.
Эл аралык “Х. А. Рахматулин жана Т. Ормонбеков” илимий фонду, фонддун вице-президенти т.и.к., профессордун м.а. Барпиев Бакытбек.
Секциялык иштердин жыйынтыгында 4 илимий докладга 1000 сомдон премия ыйгарды.
Академик Х. А. Рахматулиндин ысмын Токмок техникалык институтуна ыйгаруу боюнча иштер үчүн филиалдын директору Жылдыз Койчуманова, филиалдын профсоюз уюмунун төрө айымы Айсулуу Джанузакова фонддун Ардак грамотасы менен сыйланышты.
“Биздин Рахматулин” аттуу китеп жазып, чыгарганы үчүн ушундай эле грамота менен Абдыбаев Курманбай сыйланды.
И. Раззаков атындагы КМТУнун буйругунун негизинде “КМТУга кошкон өзгөчө салымы үчүн” сыйлыгы менен филиалдын профессорлору Жамийла Асанбаева жана Райымкул Джапаров, доцент Кубатбек Осмоналиев сыйланышты.
Конференциянын пленардык ишинде ф.м.и.д. проф. Сарбагыш Абдрахманов, т.и.к. проф. Манас Суеркуловдор доклад жасашты.
Конференциянын II бөлүгүндө 4 секция боюнча иш жүрдү, докладдар угулду.
И. Раззаков атындагы КМТУнун “Известия” назарият жана колдонмо илимий-техникалык журналынын №1 (41) 1 бөлүмүнө экспертиза өтүп, чыгаруулуга сунушталган докладдар кирди.
Конференция өзүнүн ишин аяктады.